super.kg logo

Ошто жардамга муктаж эмес жарандарга жөлөк пул чегерген кызматкерлер аныкталды

 

Оштун Кара-Суу районунда социалдык контракттын негизинде жардам катары 1 миллион 500 миң сомдук каражатты жардам алууга муктаж эмес 15 жаранга мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн социалдык жардам көрсөтүү комиссиясынын мүчөлөрү жана Кара-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери 2022-2023-жылдары кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга муктаж болушпаган 15 жаранга социалдык контракттын негизинде жардам катары 1 миллион 500 миң сомдук акча каражат мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле аталган райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери "16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөк пул алууга жарандардын муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарын бузуу менен муктаж эмес 23 жаранга 462 миң 500 сомдук үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулдары мыйзамсыз чегерилип, жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 1 миллион 962 миң 500 сомдук зыян келтирилген" деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБине тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: