super.kg logo

Turkish Airlines Түштүк Америкага багыт алган жүргүнчүлөргө жаңы жоболорду киргизди

 

"Түрк аба жолдору" компаниясы (Turkish Airlines) Түштүк Американын Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга багыт алган борборазиялык жүргүнчүлөр үчүн учуу талаптарын жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдады.

Маалыматка караганда, жаңы жоболор Түштүк Американын өлкөлөрү аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүү аракетин чектөө максатында киргизилген.

Жаңы эрежелерге ылайык, жүгү жок, мейманканадан алдын ала орун ээлебеген, артка кайтуучу билети жок жүргүнчүлөр аэропорттон өткөрүлбөйт. Ушундай эле талап транзиттик каттамы 24 сааттан ашык болгон жүргүнчүлөргө да коюлат.

Киргилизген жаңы талаптар:
  • жүргүнчү брондолгон билеттин номурун көрсөтүүсү;
  • мейманканадан жүргүнчүнүн атына бөлмө ээленгенин тастыктоочу документи;
  • учуу убактысы менен мейманканадагы бөлмө ээленген убакыттын айырмасы болбошу;
  • Түштүк Америка өлкөлөрүнүн ичиндеги транзиттик каттамдардын ортосу 24 сааттан ашык болбошу;
  • жүргүнчүнүн жүгү болушу (кол жүгүнөн тышкары);
  • сапардын максатын түшүндүргөн документтер - окуу, иш ж.б. толук англис тилине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
  • кредиттик карта жана накталай акчасынын болушу;
  • жүргүнчү багыт алган өлкөгө сапарынын максаты тууралуу так маалымат бериши;
  • учууга уруксаты болушу керек.

Бул эрежелер аталган аба компаниясы менен Туркиянын Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларына багыт алган Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: