super.kg logo

Өлкөдө 500 миңге жакын адам салык декларациясын тапшырды

 

Кыргызстанда 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, анын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар жана 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

1-майга чейин салык декларациясын:

  • жеке ишкерлер,
  • патент менен иштегендер,
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар,
  • дыйкан жана фермердик чарбалар,
  • мамлекеттик органдын карамагында турган,
  • илимий-изилдөө,
  • чыгармачылык,
  • окутуучулук,
  • дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин кызматкерлери,
  • мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери,
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган,
  • жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар,
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: