super.kg logo
  Саясат  

“Супер-Инфо” гезити Өмүрбек Текебаевди – “Жылдын саясатчысы” деп тапты

 

Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити жыл жыйынтыгын чыгарып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди “Жылдын саясатчысы” деп тапты.

арламентте калкка жага турган сөздөрдү айтып кыйкырып, популизмди жакшы өздөштүрүп алгандар арбын. Алардан айырмаланган “ата мекенчи” бул жылы кыргыз элинин көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүчү мыйзам долбоорлордун үстүнөн иштеди. Акыркы 15-20 жылдан бери кыргызстандыктарды ири жана чакан финансылык уюмдардын сүткордугу катуу кыйнап келет. Текебаевдин демилгеси менен ушул тармактын ишмердүүлүгүнө быйыл өзгөртүүлөр киргизилип, насыялардын үстөк пайызы чектелди. Бул мыйзам канчалык сакталат жана жашап кетет, ал өкмөттөн көз каранды.

Аргасыздан кош жарандык алууга мажбур болгон эмгек мигранттарынын эртеңки күнү, өлкөбүзгө кайтып келгендеги укуктары кандай болот? Мына ушул суроону кабыргасынан коюп, кош жарандыгы бар кыргызстандык мигранттар учурда өлкөдө жашап жаткан жарандар менен тең укукта болуш керек, башка өлкөнүн жараны болгонуна карабай алар Кыргызстандан менчик мүлккө ээ болуп, мамлекеттик кызматтарда иштегенге укуктуу болуп, өлкөбүздөгү жарандыгы сакталып калышы керек деген мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.

Коррупционер, чыккынчы жана кызмат абалынан пайдаланган чиновниктер белгилүү бир убакыт өткөн соң жооптон кутулуп кетишчү. Бул жумада Текебаев мыйзам долбоор сунуштап, ага ылайык, мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келген иштери үчүн чиновниктер убакытка шылтап жоопкерчиликтен кутула албай турган болуп калышты.

Мына ушундай ишмердүүлүгү, элдин чыныгы көйгөйлөрүн күрөө тамырдан кармап билгендиги, ал маселелерди чечүүгө конкреттүү аракеттерди кылгандыгы жана саясий көрөгөчтүгү менен өзгөчөлөнгөн парламенттеги “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Жылдын саясатчысы” деп табылды" деп жазылат "Супер-Инфо" гезити тараткан билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: