super.kg logo
  Саясат  

Бейшеналиевдин иши боюнча депутаттык комиссия кайра түзүлөт

 

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартып, комиссиянын курамын кайра карап чыгууну сунуштады.

Эл өкүлү бул боюнча маселени өзү көтөрүп чыккандыктан түзүлгөн комиссияга төрагалык кылуу туура эмес болуп каларын жана "комиссиянын курамында аймактык баланс сакталбай калды" деген жүйө келтирди. Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, депутаттык комиссиянын курамы толук өзгөрмөй болду.

Белгилей кетсек, 3-апрелдеги парламенттин жыйынында Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптап, анын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган болчу.

Эл өкүлүнүн сунушунун бир катар депутаттар колдоп, комиссиясынын төрагалыгына Коргонбай уулу бекиген.

Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирген:

Жусупбек Коргонбай уулу (комиссиянын төрагасы),

Жалолидин Нурбаев,

Гүлшаркан Култаева,

Шарапаткан Мажитова,

Айсаракан Абдибаева,

Исхак Масалиев,

Султанбай Айжигитов,

Нилуфар Алимжанова.






Жогорку Кеңеш 04.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: