"Жашагысы келген". Бишкекте 33 жаштагы аялды мурдагы күйөөсү бычактап өлтүрдү
Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда 33 жаштагы аялды мурдагы күйөөсү бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, каргашалуу окуя 3-апрелден 4-апрелге караган түнү болгон.
"Ал эрте тагыраагы 18 жашында турмушка чыгып, бирок күйөөсү спирт ичимдигин ичкендиктен 22 жашында ажырашып кеткен. Мурунку түнү ага күйөөсү келип, кайра жарашууга аракет кылган, бирок келин макул болбой койгон. Мындан улам күйөөсү аны бир нече жолу бычактап, жыйынтыгында Рахима каза болду. Милицияга барганда кылмышкер кылганын моюнуна алган. Рахиманын жашагысы келген", - деди Турдубекова.
Укук коргоочу маркумдун артында үч баласы калганын, алардын биринин майыптыгы бар экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.