super.kg logo
  Саясат  

"10 миллиард сом түшөт". Түлөбаев Армениядан келген унааларды каттоону сунуштады

 

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген унааларды бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштады.

Эл өкүлү мындан казынага 10 миллиард сом каражат түшөрүн айтты.

“Армения, Абхазиядан келген оң рулдуу унаалар Кыргызстанда жүрүшөт. 2015-жылы оң рулдуу машинеге киргизүүгө тыюу салынган. Бирок ички жол-жобонун негизинде кирип жатат. Ачык булактардан карасак, болжол менен 200 миңдей экен. Казакстан сыяктуу мунапыс кылып каттатсак, казынага 10 миллиард сомдон ашык каражат түшөт эле. Болору болду эми, бул унаалар кирип жүрөт. Мындан ары токтотуп, бирок бир жолу мунапыс берүү жагын анализдеп көрбөйлүбү”, - деди Түлөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунушту анализдеп көрөрүн, бирок кылмыштуу жол менен кирген унаалар мыйзамдаштырылбай турганын так кесе айтты.

"10 миллиард сом түшөт деп жатасыз, анысын дагы карайлы. Бирок унаа көп шаарларда мындай машинелер жүрбөшү керек. Балким мунапыс берип калсак, Алайкуда же Ак-Талаада жүрө берсе болчудай. Мисалы, айылдагы фермерлер алып айдаса дегендей. Бирок аны менен эл ташып, чоң жолдордо жүрүүгө баары бир уруксат бербейбиз", - деди өкмөт башчы.

Түлөбаев буга чейин президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, Армениядан келген оң рулдуу унааларды бир жолу каттап берүүнү өтүнгөн.






Жогорку Кеңеш 04.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: