super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Электр энергиясынын баасын көтөрбөсөк, бул тармакты талкалап алабыз"

 

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөт электр энергиясынын баасын инфляцияга байланыштуу деп көтөрүп жатканын белгилеп, Акылбек Жапаровго "эмне үчүн инфляцияга байланыштуу пенсия, айлык көтөрүлбөйт?" деген суроо узатты.

Өкмөт башчы бул суроого жөлөк пулдар көтөрүлүп жатканын айтып, жооп берди.

"Жыл сайын көтөрүп жатпайбызбы пенсияларды. Жөлөк пулдарды 50 пайыздан 150 пайызга чейин көтөрдүк, инфляцияны күтпөй эле. Электр энергия тармагын кичинеден көтөрүп отурбасак, анда таптакыр талкалап алабыз", - деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы жакыр үй-бүлөөлөргө электр жарыгы арзан берилип жатканын кошумчалады.

"Биз жанагы колунда жок 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйындан берип жатабыз. Жалпысынан 353 миң үй-бүлөнү биздин кызматкерлер жөө кыдырып чыкты. Колунда жокторго колубаздан келишинде жардам беребиз. Калганынын бардыгына тариф базар баасында болот", - деди Жапаров.

Эл өкүлү Икрамов айтылган нерселер элге байкалбай жатаканын айтты.






Жогорку Кеңеш 04.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: