super.kg logo
  Спорт  

Атактуу Олимпиада чемпионун Бакудагы лицензиялык турнирге катыштырбай коюшту

 

Эл аралык олимпиада комитети эркин күрөш боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаевди Бакуда өтө турган лицензиялык мелдешке катыштыруудан баш тартты.

Орусиянын күрөш федерациясынын башчысы Михаил Мамиашвили бул билдирүүгө комментарий берди. Айтымында эми Садулаевдин ордуна лицензия үчүн Алихан Жабраилов күрөшөт.

"Кезектеги текшерүүдөн кийин ЭОК эл аралык мелдештерге катышууга уруксат берилбегендердин жаңы тизмесин жарыялады. Тилекке каршы, алардын арасында эки жолку Олимпиаданын жеңүүчүсү, биздин команданын капитаны Абдулрашид Садулаев да бар. Аттиң, Садулаев Бакуга келсе да мелдешке катышпайт, ага ЭОК тарабынан тыюу салынган. Биз менен Дүйнөлүк күрөш уюму дароо байланышып, мүмкүн болушунча тез арада алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн берди. Эми Садулаевдин ордуна Алихан Жабраилов Бакуда күрөшөт. Садулаевге уруксат бербөө чечимин ЭОК кабыл алганын, ал эми UWW тескерисинче Садулаевдин күрөшү үчүн колдон келгендин баарын жасаганын баса белгилегим келет", - деген ал.

Бул эки жолку Олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаевге каршы кыска убакыттын ичиндеги экинчи чечим. Буга чейин ал бардык документтери болсо дагы Румыниядагы Европа чемпиондугуна киргизилген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: