Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Маалыматта калаадагы өзгөчө кырдаал режими 4-апрелден тартып алынганы айтылат.
Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Буга байланыштуу калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 дарак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган. 4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы иш жүргүздү.
Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 749 923 сомду түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.