"Апамдын алтын цепочкасы". Токтогулда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Маалыматка ылайык, былтыр 12-декабрда милиция Токтогул шаарынын Г.Т. жана А.К. аттуу тургундары арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, былтыр 17-октябрда Э.А. аттуу бала күрөөканасына келип, "апамдын алтын цепочкасы" деп, күрөөгө 17 миң сомго жана 15 миң сомго баалап коюп кеткен. Цепочканы күрөөгө алып жатканда кошулган жерин текшерип, алтын экендигин аныктап алышкан. Кийин шектүү келбегендиктен цепочканы кайрадан текшергенде жасалма экендигин билишкен.
Натыйжада арыз ээлери жалпы 32 миң сом материалдык зыян тартышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Э.А. кармалып, Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.