super.kg logo

Банктар аралык процессинг борбору "Мир" төлөм системасынын ишин токтоткондугун эскертет

 

"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому ("Элкарт" улуттук төлөм карт системасынын оператору) 2023-жылдын 5-апрелинен тартып "Улуттук төлөм карт системасы" акционердик коому ("Мир" төлөм системасынын оператору) менен болгон мамилесин токтотуп жаткандыгын эскертет. Бул OFAC (Америка Кошмо Штаттарынын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөөгө жооптуу бөлүмү) тарабынан санкциялардын киргизилишине байланыштуу.

Быйылкы жылдын 3-апрелинен тартып "Элкарт" улуттук төлөм системасынын катышуучу банктарынын инфраструктурасында орусиялык "Мир" төлөм системасынын карталары боюнча операцияларды тейлөө токтотулду.

Мындай чечим биринчиден АКШнын экинчи санкцияларынын коркунучун болтурбоо, экинчиден "Элкарт" улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, үчүнчүдөн бардык программалык камсыздоону жеткирүүчүлөр, эл аралык өнөктөштөр жана катышуучулар менен болгон мамилелерди колдоо максатында "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК катары иш алып барган системалар үчүн кабыл алынды.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК улуттук төлөм системасынын эгемендүүлүгүн камсыз кылууга жөндөмдүү жана көз карандысыз өз алдынча түзүм болуп саналат. Борбор бардык өнөктөштөрү менен жергиликтүү жана эл аралык мамилелерин өз ара колдоо, узак мөөнөттүү кызматташуу ошондой эле кызыкчылыктардын коомчулугунун принциптерине негизделген.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тез жана ачык баарлашуусу, ошондой эле Кыргызстандын калкы үчүн заманбап карттык менен санариптик кызматтардын тизмесин ийгиликтүү өнүктүрүү жана андан ары кеңейтүү максатында технологиялык чечимдерди колдогону үчүн өзүнүн жеткирүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: