Жогорку Кеңеште Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу канча айлык алары айтылды
5-апрелдеги Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу канча айлык аларын сурады.
"Ар бир спортчуну кайсы бир жыйынтыкка жеткире турган - бул тренер. Тренерлер канча айлык алышат? Мисалы, Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу канча айлык алат?", - деп сурады эл өкүлү.
"Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу катары айына 80 миң сомдон 100 миң сомго чейин маяна алат. Бул Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттардагы көрсөткүчтөргө жараша болот", - деп жооп берди спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов.
Депутат Абдалиев машыктыруучулардан көп нерсе көз каранды болгондуктан аларга стимул берүү керек экендигин кошумчалады.
видео
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














