super.kg logo

Абактагы жаран денесиндеги тактарды көрсөтүп, бирок арыздануудан баш тартты (видео)

 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №3 түзөтүү мекемесине барып, соттолгондордун шарттарын көрүп келишти. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде аталган мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, буга чейин соттолгон М.уулу Т.нын кайрылуусу соцтармактарда жарыяланган. Видеодо ал №16 түзөтүү мекемесинин жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан күч колдонуп уруп-согуу болуп жатканын айткан. М.уулу Т.нын кайрылуусунан кийин аны №3 түзөтүү мекемесине которушкан.

Ага ылайык, М.уулуТ.нын денесин кароо учурунда, оң далысында көк-ала тактар бар экени аныкталган.

Соттолгон жарандын айтымында, күч колдонуу жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан болгон, бирок, түшүнбөстүктөр чечилгенин айтып, арыздануудан баш тарткан.

№16 түзөтүү мекемеси окуя боюнча ушул жылдын 30-мартында №16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери жаза аткаруу мекемесинин ыкчам-издөө кызматкерлери менен бирге тыюу салынган буюмдарды издөө учурунда андан уюлдук телефон тапкан. Анын уюлдук телефонун алып койгондо агрессия көрсөтүп, түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратына чыгып алып, уюлдук телефонун кайтаруусун талап кылып, антпесе өз өмүрүнө кол саларын айтып коркуткан.

Белгилей кетсек, М.уулу.Т Кылмыш-жаза кодекстин “Жаш балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” менен соттолгон.

Ал эми Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга түзөтүү абактарында адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле соттолгон М. уулу Тга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүү зарылдыгы тууралуу расмий суроо-талаптарды жөнөттү.






05.04

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: