"Бирөө Чобану". Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду
Баку шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Европа чөлкөмүндөгү лицензиялык турнирде 60 килограмм салмакта эки лицензиянын жеңүүчүлөрү аныкталды.
60 килограмм салмакта Олимпиадага лицензияны молдовалык Виктор Чобану менен түркиялык Энеш Басар алышты. Эки балбан тең лицензиялык турнирдин финалына чыгышты.
Түркиялык балбан Олимпиадага жолдомо утканына ишенбей килемде ыйлап турду.
Белгилей кетсек, 60 килограмм салмакта Кыргызстандан Олимпиада оюндарына Жоламан Шаршенбеков барат. Ал лицензияны былтыр сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.