super.kg logo

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин директорунун орун басары алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин директорунун орун басары алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Шамил аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Чолпон аттуу аялга баласын окуу жайга киргизүү үчүн 30 миң сом акча бергени жазылган. Ошондой эле дагы бир Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чолпон деген аялга диплом жасатып берүү үчүн 10 миң АКШ долларын бергенин жазган.      

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 48 жаштагы К.Чолпон кармалган. Ал учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Асаналиев атындагы тоо кен иштери жана тоо кен технологиялары институтунун директорунун орун басары кызматында  эмгектенет. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.12.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ужас,уят бул аял кишиге дегеле кыргызстан коррупцияга каршы турбай эле кайра батып жатат ,каяктагы оз кызыкчылыгын ойлогон бийликтегилер,келдибековду эмес ушуга окшош алдамчыларды кармабайбы ...
20.12.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nazmar, Келдибековго окшоп майып, жетим, жесирлерден уурдаган жок. Келдибековду жактабай эле койгулачы, ал жеткен акмак адам.
23.12.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арам тамак аш болбойт деген ушу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: