super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 6-апрелде өлкө башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Анда Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеп, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан өкмөтү өлкөнүн аймактарындагы табигый кырсыктарды локалдаштыруу жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт деп ишенерин билдирди.

Ошондой эле тараптар алдыдагы боло турган жогорку жана бийик деңгээлдеги иш-чараларды талкуулады.

Садыр Жапаров сүйлөшүүнүн аягында кесиптешине колдоо сөздөрүн айтып, боордош казак элин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул руханий майрам эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук алып келишин каалады.

Ал эми өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев колдоо сөздөрү үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: