super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган иш-чарага катышты (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 6-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү, ар бир адамга өз саламаттыгы туурасында ой калчап, кам көрүүнү эсине салаарын белгиледи.

“Биз жарандарыбызды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга, сергек жашоо образын карманып жашоого элди үндөөгө, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран жооптуу экендигин пандемиядан көрдүк. Ал эми ар бир жарандын саламаттыгы – физикалык активдүү иштерман коомубуздун күчү, ресурсу жана эртеңи”, - деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы акыркы убакта жугуштуу эмес оорулар жашарып бара жатканын айтып, дартты алдын алуу үчүн дени сак жашоо образын жайылтуу зарылчылыгын кошумчалады.

“Кыргызстан – төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ылайыктуу өлкө. Бүт өлкө боюнча миңдеген спорттук залдар, аянтчалар, стадиондор, воркаут тилкелери, бассейндер иштеп жатат. Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен тээ алыскы айылдагы жаңы мектептерде Бишкектегидей бүт спорттук шарттары менен мектептер салынып жатат”, - деди Акылбек Жапаров

Сөзүнүн соңунда ал өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, ар бир жаранды күнүмдүк жашоосуна спортту кошууга чакырды.

Эске салсак, Саламататтык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш- чаранын алкагында каалоочулар медициналык кароодон өтүп, адистердин кеңештерин алышты.

Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: