super.kg logo

УКМК Бишкекте кармалган Азербайжандын жарандарын экстрадициялады

 

УКМК тарабынан мурда кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

22-мартта УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган. 20-мартта "Ак-Жол" автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына Азербайжандын 5 жараны келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар Кыргыз жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык 7-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: