super.kg logo

Садыр Жапаров Бишкектин тешилген жолдору боюнча үн катты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Бишкек шаарындагы көчөлөргө нааразычылыктар көп болуп жатканын мойнуна алды.

"Ооба, жолдордун акыбалына карата, Транспорт министрлигинин дарегине карата нааразы болгон пикирлерди көрүп жатам. Анын ичинде Бишкектин көчөлөрүндөгү жолдордун начардыгы да айтылууда. Анан министрлик салган жолдордун сапаты начар болуп, тез эле жарактан чыга баштаганына көңүл бургандар болууда. Бул дагы туура. Бирок бул жерде коомчулукка түшүндүрө кете турган жагдайлар да бар.

Мисалы, 30 жыл бою жол жасоо багытында Транспорт министрлиги кандай иштеп келген? Алар мисалы 100 чакырым жолго асфальт төшөш керек болсо жеке компанияларды чакырып туруп аткарыла турган иштердин баасын бычып, ошол акчанын 10 пайызын бизге бересиң деп жеке компанияларга берип коюшчу. Албетте, 10 % акчаны бизге дегенде министрликке эмес, жеке өздөрүнүн чөнтөгүнө алышчу.

Анан жеке компаниялар жолдорду салып бүткөн соң эксплуатацияга алардан дагы бир сыйра акча алып келишкен.

Биз бийликке келгенден кийин бардык тармактарды ревизия кылдык, текшердик. Ушундай чириген системаны көргөн соң, аны талкалап мамлекеттин пайдасы үчүн иштей турганын курууга кириштик. Ал үчүн жолдорду жеке компаниялар эмес, Транспорт министрлиги өзү салсын дедик. Өздөрү салайын дешсе жарытылуу техникасы жок экен. Акыркы үч жылда жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, 2022-2023-жылдары жалпысынан 297 техника өлкөгө жеткирилип, аймактарга бөлүнүп берилди. Дагы алабыз. Быйыл дагы 453 жаңы техниканын келиши күтүлүүдө", - деген Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: