super.kg logo
  Спорт  

"2006-жылкыларды чыгарып". "Фенербахче" клубунун оюнчулары оюн башталары менен талааны таштап кетишти

 

Стамбулдагы "Галатасарай" менен "Фенербахче" клубдарынын Түркия Суперкубогу үчүн беттеши старт ышкырыгынан 50 секунд өткөн соң аяктады. "Галатасарайдын" чабуулчусу Мауро Икардинин голунан кийин "Фенербахче" оюнчулары машыктыруучунун буйругу менен талаадан тартиптүү түрдө чыгып кетишти.

"Фенербахче" клубунун мындай кадамы алдын-ала эле белгилүү болгон. Себеби клуб финалга чет элдик эмес, түркиялык калыстын дайындалышына каршы болгон. Бирок команда финалга чыккан. Анда "Фенербахченин" машыктыруучусу оюнга өспүрүмдөр курамасынан 2005-2006-жылы туулган оюнчуларды алып чыккан.

Бул окуядан кийин клуб техникалык жеңилүүгө учурап, "Галатасарай" Түркиянын Суперкубогунун жеңүүчүсү болду.

"Фенербахче" клубу менен Түркиянын футбол федерациясы акыркы убактарда жаңжалдашып келет. Март айында Түркия чемпионатынын алкагындагы "Трабзонспор" клубуна каршы оюнда "Фенербахченин" футболчуларына кол салуу болгон. "Фенербахченин" жетекчилери федерация жана бийлик акыркы 20 жыл ичинде команданын оюнчуларынын коопсуздугун түп тамырынан бери камсыз кыла алган жок деп эсептешет жана калыстар командага бир жактуу мамиле кылып жатканын билдиришүүдө. Жадакалса клуб Түркия лигасынан кетүүнү каалаарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: