super.kg logo

Түндүк Америкада миллиондогон адам күндүн толук тутулуусун көрүштү (видео)

 

Дүйшөмбү күнү Түндүк Америкада милллиондогон адамдар күндүн тутулуусуна күбө болушту. Бул тууралуу "Америка үнү" басылмасы жазды.

Ага ылайык, Мексика, Техас, Индиана, Огайо, Нью-Йорк, Ниагара шаркыратмасы, Онтарио жана Монреал, Квебек шаарларында ай толугу менен күндү бир нече мүнөткө каптады. Тагыраагы, аталган шаардын тургундары күндүн толук тутулганын көрүштү.

Ошондой эле кээ бир шаарларында күндүн бетин ай жарым жартылай басып өткөндөгүсү орун алды.

Америка Кошмо Штаттарда 32 миллионго жакын адам жашайт. Мындан тышкары кошумча 5 миллион адамдын келери болжолдонгон.

Маалымдалгандай, күндүн тутулуусу бул жолу 4 мүнөт 28 секундага чейин созулары божомолдонгон. Мындан улам окумуштуулар аны байкоо үчүн абдан кылдат даярданган. 2017-жылы бул кубулуш 2 мүнөт 42 секундага чейин созулган. НАСАнын билдиргенине караганда, тутулуунун жалпы узактыгы 10 секунддан 7 жарым мүнөткө чейин болушу мүмкүн.

Астраномдордун айтымында, тутулуунун эки түрү бар: Айдын жана Күндүн тутулушу. Алардын тутулуусу алты айда бир жолу болот. Бул сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушу болуп саналат.

Ал эми күндүн толук эмес тутулуулары Жерде жылына экиден беш жолуга чейин болот, андай тутулуу учурунда Күндүн бети Ай менен толук басылбайт.






Күндүн толук тутулуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: