super.kg logo

Кыргызстандан Казакстанга жөнөтүлгөн жардам төрт облуска бөлүндү

 

Казакстандын Актөбө шаарына түнөккө калган “Жардам кербени” 9-апрелде төрт облуска багытталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ Казакстандын сааты менен 22:15те кербенди жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн губернатордун орун басары тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырган.

"Бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы далилдери, мындан ары да коңшулаш мамиле бекемдээрин билдирди" деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жана Актөбе облусунун губернаторунун орун басары Елеулов жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнө биргеликте билдирүү жасашты.

Суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Казакстандын аймагындагы Жамбул – Түркестан – Кызылорда – Актөбө облустарына бөлүндү.

Атай кетсек, Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам унаалары багыт алды.

Учурда кербенди Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ИИМдин жол коопсуздук өкүлдөрү коштоп жүрүүдө.

Эске салсак, кыргыз жардамын 6-апрелде Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев коңшу өлкөгө узаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: