super.kg logo

Токтогулда мал уурулук кылып жүргөн жигиттер кармалды (видео)

 
Токтогулда мал уурулукка шектелгендер уурулук учурунда кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-мартта милицияга Токтогул районунун Ж.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 9-мартка караган түнү белгисиз адамдар Кызыл-Туу айылындагы үйүнүн короосунан базар баасы 100 миң сом турган уюн уурдап кетишкенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-пунктуна (Мал уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери Токтогул районунун бир нече тургунунун кылмыштуу аракеттерин байкап, алардын өздүктөрүн тактап, шектүүлөрдүн изине түшүшкөн.
Шектүүлөр 5-апрелге караган түнү Токтогул районунун тургуну М.Ш.нын сарайынан 2 баш уйду уурдап баратышкан жеринен кармалышкан. Алар: 2002-жылы туулган К.у.А., 2003-жылы туулган А.Н. жана 2004-жылы туулган Ж.А..
Тергөөдө бул кылмыштуу топтун былтыр ноябрь айынан апрель айына чейинки аралыкта милициянын каттоосуна алынган бир нече кылмыш жасагандыгы, жалпысынан беш баш уй жана төрт баш арашан багытындагы койлорду уурдашканы акыкталган. Жыйынтыгында жарандардарга 450 миң сом зыян келтирилген.
Токтогул райондук соту тарабынан шектүүлөрдү 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.
Учурда кылмыштуу топтун дагы башка кылмыш иштерине тийиштиги бар же жоктугу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.





09.04.24

09.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: