super.kg logo

Акылбек Жапаров Олжас Бектенов менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолукту.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

“Бүгүнкү жолугушуубуз Кыргыз Республикасынын президентинин Казакстанга расмий сапарынын алдында өтүп жатат, бул бизге эки тараптуу мамилелердин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсү чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жеткендигин канааттануу менен белгилегим келет”, - деди ал.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин, 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт 455 миллион 700 миң долларды (өсүү 10,9%), импорт 862миллион 200 миң долларды (өсүү 11,9%) түздү.

“Эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын издөөнү жана өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү иштерин улантууну зарыл деп эсептейм”, - деди МинКаб төрагасы.

Өз кезегинде Олжас Бектенов меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Казакстандын өкмөт башчысы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, анда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: