super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бишкекке келген Казакстандын премьер-министрин кабыл алды

 

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүе ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин айтып, Кыргызстан үчүн Казакстан боордош мамлекет гана болбостон, негизги соода өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү алкагында кыргыздар казактар менен, казактар кыргыздар менен сыймыктануусуна умтулуп, достукту бекем тутууга чакырды.

"Эки тарап тең акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн ырааттуу өсүшүн баса белгилеп, биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорун жүргүзүүнүн эсебинен өз ара сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүгө мындан ары умтуларын, ага кызыкдар экендиктерин билдиришти" деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри президент Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын айтып, Казакстандын аймактарындагы суу ташкындарына байланыштуу бир туугандык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Баарлашуунун соңунда президент Садыр Жапаров сапардын жыйынтыгы жана өкмөттөрдүн биргелешкен иши өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиргени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: