super.kg logo

Испаниялык басылмалар "Реал" - "Манчестер Сити" беттешинде теракт болушу мүмкүн экенин эскертүүдө

 

Испаниянын Коопсуздук күчтөрү буга чейин Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык беттеши учурунда ИГИЛ террордук уюму тарабынан шектелген коркунуч тууралуу маалымат алышкан. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.

"Чемпиондор Лигасынын оюнуна байланыштуу ИГИЛ тарабынан болжолдонгон коркунуч коопсуздук күчтөрү тарабынан кабыл алынып, "Реал Мадридге" өткөрүлүп берилген", - деп жазат басылма.

Белгиленгендей, беттештерди жокко чыгаруу планда жок. Бирок футболдук мелдештин алдыдагы оюндарына атайын көзөмөл чаралары киргизилет.

Белгилей кетсек, ИГИЛ жакында эле автомат менен куралданган согушчунун сүрөтү тартылган плакат жарыялаган. Плакаттын арткы планында төрт стадион: "Emirates Stadium", "Парк де Пренс", "Метрополитано" жана "Сантьягу Бернабеу" стадиондору жайгашкан.

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы эки оюну эртең, 9-апрелге караган түнү өтт. Анда "Арсенал" менен "Бавария", "Реал Мадрид" менен "Манчестер Сити" ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: