super.kg logo

"Бишкек троллейбус башкармалыгында" айдоочуларга жыйын өткөрүлдү 

 

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы коопсуздук жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде аталган башкармалыкта билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага "БТБ" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров, Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана Троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

"МККБнын кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча маалыматтык брифинг өткөрүп, троллейбус айдоочуларын жүргүнчүлөрдүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол эрежелерин сактоого чакырышты",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйында Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору ишкананын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип, коллектив менен келечектеги пландарды жана милдеттерди талкуулады.

Жыйындын алкагында ак ниет эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн татыктуу сыйлыктарга ээ болгон айрым айдоочулар жана башкармалыктын кызматкерлери белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: