super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан эки кабаттуу үй буздурулду

 

Бүгүн, 9-апрелде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттик тарабынан Власова 59 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалымдалгандай, буздуруу иштерине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев өзү катышты.

"Курулуш тармагында иш алып барган ар бир жеке компания мыйзамга ылайык ишмердүүлүк жүргүзүүсү зарыл. Баары бирдей мыйзамга баш ийүү менен, жашоочулардын укуктары эске алынып, жалпы инфраструктуралык эрежелер сакталышы керек. Мамкурулуш агенттиги мыйзамдуу иш алып барам деген ишкерлерди колдоого алат",-деди Орунтаев.

Белгилей кетсек, бул объект тийиштүү уруксат кагаздары жок 2016-жылы курулуп баштаган. Мамкурулуш тарабынан анын мыйзамсыз экенин аныкталып, Биринчи май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Биринчи май сотунун 2022-жылдын 28-январындагы сырттан чыгаруу чечими менен доо толугу менен канааттандырылып, анын чечиминин негизинде 2 кабаттуу курулуш объектиси буздурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: