super.kg logo

Борбордо театр тармагында окуган студенттердин эл аралык фестивалы өтөт

 

Бишкекте 16-19-апрель күндөрү IX «Жаңы ысымдар» эл аралык театр фестивалы өтөт. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.

Маданият министрлигинен билдиргендей, фестиваль жыл сайын театрга тиешеси бар студенттердин, актёрлордун, режиссёрлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда өтөт.

Саамалык студенттердин сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында өтүп келет.

Аталган фестивалда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:

  • Мыкты спектакль
  • Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Көркөм окуу – Эң мыкты режиссура – Эң мыкты драматургия
  • Эң мыкты театр сыны
  • Чыгармачыл жаштардын устаты

Жогорудагы номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.

Маалымат үчүн: Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып «Эл аралык» статусун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: