super.kg logo

Англияда монарх банкнотасы биринчи жолу алмашты

 

Британ падышасы Чарльз III биринчи жолу жаңы фунт банкноттордон өзүнүн портретин көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу BBC жазды.

Англия банкынын губернатору Эндрю Бэйли жана башкы кассир Сара Жон Букингем сарайында падышага анын сүрөтү түшүрүлгөн биринчи банкнотторду тапшырышты. Мындан ары жаңы монарх жүгүртүүдөгү бардык номиналдарда, 5, 10, 20 жана 50 фунттук купюралар пайда болот.

Монархтын портрети 2013-жылы тартылган сүрөттөн алынган. Елизавета II'нин тушунда чыгарылган банкноттордон айырмаланып, падыша таажысыз тартылган.

Чарльздын сүрөтү түшүрүлгөн банкноттор Елизавета II тартылган мурунку банкноттор менен бирге колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: