super.kg logo

Израилдин Газага жасаган соккусунан ХАМАСтын лидеринин үч уулу жана неберелери набыт болду

 

Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунун натыйжасында Палестинанын Хамас кыймылынын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханиянын үч уулу (Хазим, Эмир, Мухаммед) жана неберелери набыт болгон. Бул тууралуу анклавдын саламаттыкты сактоо органдарындагы булактар ​​билдиргенин Түркиянын "Анадолу" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, израилдик аскерлер Газа шаарынын батышындагы Аль-Шати качкындар лагеринде Ханийенин жакындарын ташыган унаага кол салышкан. Каза болгондор лагердин тургундары менен Орозо айтты майрамдоого бара жатышкан.

Окуяга байланыштуу Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Акыркы маалыматтарга караганда, беш киши каза болуп, көп сандаган адамдар жарадар болгон. Бул кол салуу оккупанттардын карапайым калкка, балдарга жана аялдарга каршы болуп жаткан кылмыштарынын уландысы", - деп айтылат билдирүүдө.

ХАМАСтын лидери болгон окуяга комментарий берип жатып, анын балдары Иерусалим жана Аль-Акса мечитинин бошотулушу үчүн жанын курмандыкка чалганын айтты.

"Биз Израилге талкалоо жана кыргын аркылуу ала албаган нерсени сүйлөшүү столунда ала албай турганын айтабыз. Менин уулдарымдын каны Газада курман болгон башка элибиздин канынан кымбат эмес. Балдарым Иерусалим жана Аль-Акса мечитинин боштондугу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды", - деген ал.

Израиль армиясы Исмаил Ханиянын үч уулу өлгөнүн тастыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: