super.kg logo

Депутат: "Техникалык көзөмөл кызматы ЖЭБде жарылуу болорун алдын-ала эскерткен"

 

Бүгүн, 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев Техникалык көзөмөл кызматы Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болушу мүмкүн экенин алдын-ала эскерткенин билдирди.

Анын айтымында, Энергетика министрлиги эскертүүнү укпай койгон.

"ЖЭБде авария болгонго чейин бир канча жолу эскерткен экен, "бул жагыңарды карагыла, ушул жерде авария болот" деп. Бирок министрликке көз каранды болгондуктан эч ким укпай койгон. Эртең дагы башка калдык сактоочу жайлар да эскертүүнү укпай койсо, чоң катастрофа жаралышы мүмкүн. Ошондуктан Техникалык көзөмөл кызматын өзүнчө бөлүшүбүз керек" , - деди Ажыбаев.

Буга чейин парламенттин 8-апрелдеги жыйынында эл өкүлү Кубанычбек Самаков ЖЭБди жарылуу болгонго чейин текшергендер жоопко тартылышы керектигин айткан.






Жогорку кеңеш 11.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: