super.kg logo

Этиканы бузган. Юстиция министрлигине жактоочунун лицензиясын токтотуу тууралуу сунуш түштү

 

Акыйкатчы институтунун сунушу менен Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Юстиция министрлигине З.Бга карата адвокаттык иш жүргүзүүгө укуктук лицензиясын бир жылдык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Ага ылайык, 2023-жылдын 22-февралында Акыйкатчы Институтуна Н.Г. аттуу жаран укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракетинен улам бузулган укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн.

Аялдын туугандарынын айтымында, 22-февралда 4-шаардык ооруканасында омурткасына оор операция жасатып, дарыланып жаткан Н. Г.нын палатасын тергөө органдарынын кызматкерлери кирип, башка бейтаптардын катышуусунда тергөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Т.Ж., аттуу тергөөчү Н.Гнын өзүнүн жактоочусу бар экенине карабастан, З.Бны мамлекеттик жактоочу катары чакырган. Туугандары бул фактыны видеого тартып алышкан.

Акыйкатчы институту прокуратура органынан укук коргоо органдарынын аракеттерине объективдүү баа берүүнү жана Аламүдүн райондук ИИБ тергөөчүсүн жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Натыйжада, Юстиция министрлиги адвокаттардын этика боюнча комиссиясынын чечими чыкканча, жактоочу З.Б. квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетүү тууралуу чечим кабыл алган.

Ушул фактыга байланыштуу, Акыйкатчы институту КРнын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясына жактоочу З.Бнын мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо сунуш киргизген.

Адвокатура өз кезегинде, 2024-жылы Юстиция министрлигине жактоочулук иш жүргүзүүгө укуктук лицензиясын бир жылдык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө сунуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: