"10 жылдан бери чыга элек". Москвада 300 килограммдык кишини терезеден алып чыгышты (видео)
Москва шаарында салмагы 300 килограммдан ашкан киши эшикке батпагандыгына байланыштуу терезеден алып чыгышты. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, 54 жаштагы Максим 10 жылдан бери үйүнөн эшикке чыга элек. Ал жүрөгү ооруп жаткандыктан "Тез жардам" кызматын чакырган. Келген дарыгерлер аны ооруканага жаткыруу керектигин айтып, бирок өздөрү үйдөн алып чыга алган эмес.
Жыйынтыгында жерине куткаруучулар чакырылып, алар бейтапты терезе аркылуу алып чыгып беришкен.
Ал ооруканага жеткирилди.
Москвада 300 килограммдык кишини терезеден алып чыгышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.