super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи болуп өттү

 

Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана башка жетекчилер катышты.

"Мелдештер “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өтүүдө. Учурда 20 жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат.

Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: