super.kg logo

Кыргызстанда 30 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

 

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелге карата республика боюнча 28 миң 936 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:

- Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)

- Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)

- Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)

- Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)

- Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)

- Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)

- Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)

- Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)

- Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)

Толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

Эскерте кетсек, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: