Москвада теракт жасоого даярданып жаткан орто азиялык жигит жок кылынды
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарындагы батирлердин биринде теракт жасоого даярданып жаткан орто азиялык жаран жок кылынгандыгын билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, теракт жарандардын массалык түрдө чогулган жерде болмок экендиги белгиленет. Орусиянын атайын кызматтары 21 жаштагы чет элдик жаран кылмыш жасагандыгы үчүн мекенинде жазасын өтөп жүргөнүн аныктаган. Террордук ишмердүүлүк үчүн соттолгондор менен байланыш түзүп, Орусияда тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун идеологиясын бөлүшө баштаган.
Аны кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында жок кылынды.
Анын батиринен колго жасалган гранаталар жана башка керектүү буюмдар табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.