Кыргыз суучулу Денис Петрашов АКШдагы турнирде алтын медаль утту (видео)
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Сан-Антонио шаарында өткөн "TYR Pro Swim Series" турниринде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Суу спорту федерациясы билдирди.
Кыргызстандык суучул 100 метр аралыкты брасс стилинде 59,83 секундада сүзүп өттү. Ал финалда 1 мүнөткө жетпеген убакытта финишке келген жалгыз катышуучу болду.
Экинчи орунду дүйнөнүн учурдагы чемпиону, америкалык Ник Финк (1 мүнөт 0,03 секунд) ээледи.
Денис Петрашов АКШдагы турнирде алтын утту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.