super.kg logo

УКМК: "Сокулукта "жер мафиясын" уюштурган шектүүлөр кармалды"

 
Сокулук районунда мунапыска берилген жер тилкелерин мыйзамсыз сатып келген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.
Маалыматка караганда, атайын кызмат "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамы менен мунапыска берилген жер тилкелерин мыйзамсыз сатып келген шектүүлөр К.А.А. жана К.К.К.ны кармаган жана алар "гектарщик" деп аталган жер мафиясынын мүчөлөрү экенин аныктаган.
Шектүүлөр мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып алышып, кайра сатышкан. Алар кардарлардын акчаларын алгандан кийин Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан. Тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. тергөө абагына киргизилген.
Учурда жогоруда аталган кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү жана алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: