Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 8 миң адамга жакындады
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 7 миң 864кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Бишкек шаарында 2 миң 599 учур, Ош шаары боюнча 464 адам, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.
Белгилей кетсек, кызамык оорусу Бишкек, Чүй аймактарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп катталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.