super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Franklin Templetonдун башкы инвестициялык директорун кабыл алды 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Franklin Templeton глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды. Маалыматты өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Маалыматта өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болгону жазылат.

Анда мамлекет башчысы Кыргызстанда эл аралык каржы уюмдары жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүштү.

Фонддун максаты - мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу. Ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды. Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөдө Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынды.

Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион доллар активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: