super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиондугу: Кыргызстандык 2 балбан коло үчүн күрөшөт

 

Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Атай Изабеков жана Нуртилек Карыпбаев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло үчүн күрөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 86 килограммга чейинки салмакта Атай Изабеков 1\4 финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык Наадамбат аттуу спортчуну 7:4 эсебинде жеңген, 1\2 өзбекстандык Жавраил Шапиевге 1:2 эсебинде жеңилип калды. Эми коло үчүн беттеште Тацуя Ширай аттуу япониялык балбан менен күч сынашат.

Ал эми 92 килограммага чейинки салмакта Нуртилек Карыпбаев 1\4 финалдык баскычынан баштап, анда ирактык Исаа Абдул-Салам Ал Обаидини 6:1 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда өзбекстандык Шерзод Пойонов менен кес келип, жыйынтыгында 3:5 эсеби менен жеңилүү ызаасын тартып калды. Ал эми коло үчүн беттешин монголиялык Батзул Дажмин аттуу балбан менен өткөрөт.

Белгилей кетсек, финалдык беттештер 18:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: