super.kg logo

"Шаарда сиреналар жаңырып...". Оренбургда элди массалык эвакуация кылуу башталды

 

Оренбургда өтө кооптуу сел кырдаалына байланыштуу массалык эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты шаардын мэри Сергей Салмин телеграм каналына жазды.

Ал учурда шаарда сиреналар жаңырып жатканын, бул машыгуу сиренасы эмес экенин жазды.

"Көңүл бургула, оренбургдуктар! Шаарда сирена жаңырып жатат. Бул машыгуу эмес. Массалык эвакуация жүрүп жатат!”, - деп жазды Салмин.

Ал акыркы 10 саатта Урал дарыясындагы суунун деңгээли дагы 40 сантиметрге көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Азыр дарыяда суу 1143 сантиметрге көтөрүлгөн, бул өтө кооптуу көрсөткүч.

Бүгүн, 12-апрель күнү таң атпай облус борборунда беш кичи район, үч конуш жана 21 багбанчылык коомун суу каптаган. Суу каптаган аймакта 2328 турак жай жана 3792 кожолук үлүш жери бар. 1521 адам эвакуацияланган, анын ичинен 319у балдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: