super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын курууга капсула салды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Энергетика министрлигинен билдиришти.

Акыркы 2 жылда Кыргызстандын энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашырылууда, алсак Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСи жана жүздөгөн чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Биздин максат – энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштердин биринчи этабы аяктап, учурда техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ири гидроэнергетикалык мамлекетке айланат. Күн энергиясын, шамалды жана биогаз технологияларын колдонуу Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири”, – деп билдирди Жапаров.

Ага ылайык, Акылбек Жапаров күн электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ал белгилегендей, күн электр станциясын курууга кытайлык компания тарабынан (Fortis Kg, Molin Energy) 400 миллион доллар инвестиция салынары пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: