super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Улуттук банкта канча тонна алтын бар экенин айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстандын резервин айтып берди.

Анда өлкө башчыга "Улуттук банктын экономикабыздын өсүшүнө салымы чоң дедиңиз. Резервдерибиз канча эгер сыр болбосо? Алтын корубуз боюнча акыбал кандай?", - деген суроо берилген.

"Эч кандай сыр деле жок. Булардын баары ачык маалыматтар. Жалпы эл аралык резервибиз бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резервибиз 30 жыл аралыгында болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон.

Бүгүнкү Улуттук банкыбыздын командасы 1 миллиард 67 миллион долларды 3 жылда эле үстүнө кошуп койду.

Алтындын запасы боюнча айтсам. 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла. 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна.

Мындан сырткары, Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүрдү. Салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда бүгүн бизде инфляция ылдый болуп турат. Бул Улуттук банктын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы", - деп жооп берген Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: