Анталияда асма жолдун кабинасы кулады. Жабыркагандардын арасында кыргызстандык да бар
Түркиянын Анталия шаарындагы Коньяалты аймагында асма жолдун таянычтарынын бири кулап, асма жолдун кабинасындагы сегиз адам жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыкты.
Окуя болгон жерге полиция, куткаруу топтору жана медициналык жардам келген. Дарыгерлер бир адам каза болуп, дагы жети адам, анын ичинде эки бала жабыркаганын аныкташкан. Кабинанын өзү талкаланган.
ТРТ басылмасынын маалыматына караганда, жаракат арасында Кыргызстандын жараны дагы бар. Асма жолдун кулашынын себеби азырынча белгисиз. Асма жолго көп адамдар отуруп алганы белгиленген.
Бул жума бүтүндөй Түркияда Орозо айынын аякташына байланыштуу майрам катары эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.