super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барды (фото)  

 

Бүгүн, 13-апрелде Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв билдирди.

Маалым болгондой, президент кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, академиянын жетекчилиги менен сүйлөштү.

Баарлашуу учурунда Садыр Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Президент кароосуз калган коомдук жайларды ирээтке келтирүү зарылдыгын айтты.

Ал буга чейин жергиликтүү бийлик органдары бул маселелерге жакшы көңүл бурбай келишкенин билдирди. Бирок учурда шаар мэрлери жана райондордун акимдери коомдук жайларды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийиш экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: