Сиднейде бычак көтөргөн жаран адамдарга кол салууда. Каза болгондор бар
Австралиянын Сидней шаарындагы Бонди-Жанкшен соода борборунда адамдарга куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, колуна бычак көтөргөн жаран бир нече адамды жарадар кылган. Азырынча анын кол салуусунан 6 адам каза болгону белгилүү болду. Каза болгондордун саны дагы да өөсүшү мүмкүн.
Ошондой эле бир адам атып өлтүрүлгөнү кабарланууда. Окту полиция кылмышкерди жок кылуу үчүн атканы же кылмышкерде курал болгонбу азырынча белгисиз.
Учурда аталган аймак курчоого алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.