super.kg logo

Иран Израилге соккулар аяктаганын жарыялап, АКШга эскертүү жөнөттү

 

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Бакери өлкө Израилге каршы чабуулдарын аяктаганын жана аларды улантууну пландабаганын билдирди. Бул тууралуу ал түз эфирде айтканын Retaurs басылмасы жазды.

Ошол эле учурда Бакери Ислам республикасынын куралдуу күчтөрү зарылчылык жаралса операцияларды кайра баштоого даяр экенин белгиледи. Бакери ошондой эле АКШ тараптан Израилдин жооп чабуулдарына кандайдыр бир колдоо көрсөтсө америкалык базаларга да кол салуу болорун эскертти.

"Эгер Израиль Иранга каршы жооп кайтарса, биздин жообубуз бүгүнкү аскердик операциядан алда канча чоң болот", - деди генерал.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Вашингтон Тегеран менен кагылышууну көздөбөй турганын, бирок Америка кошмо штаттары өз аскерлерин коргоо жана Израилди колдоо үчүн "иш-аракет кылууга даяр экенин" эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: